Социалдык тармактардын активдуу колдонуучусу Жоломан Аскаров Бишкек шаарындагы ыштын себептери тууралуу Facebookтагы баракчасына пикирин калтырган:
«Кыргыздар жоопкерчиликсиз, кайдыгер жана караңгы эл. Анын бирден-бир себептери:
Учурда Бишкекти ыш каптап жатат, ал үчүн адамдар наалып, кимдир бирөөнү тилдеп жатканын көрүүгө болот. Ыштын негизги себептери МЫНА БУЛАР.
Жаңы конуштарда коомдук банялар көп. Алар тигүү цехтерден калган чүпүрөк-сапырактарды, машиненин дөңгөлөктөрүн жагышат. Андан чыккан түтүн айылды аралап, капкара болуп ыш чыгат.
Жаңы конуштарда элдер дагы чүпүрөк, үйүнөн чыккан мусорлорду өрттөп түтөтөт.
Айдап жүргөн унаалардын катализаторун чыгарып сатып жиберишкен.
Дегеле биздин кыргыздарда жоопкерчилик жоктугун, “көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин” деген психолгоия менен жашайт. Түнү мусорду кошунасынын короосуна, жолго, талаага, жолдорго, жаратылыш койнуна ыртыгып салышат. Эптеп үйүнөн алыс таштап ыргытыш керек.
Ушундай акмактардын кесепетинен биздин көчөлөр кир, аба булганган, тазалык жок. Анан сындаганга келгенде тили буудай кууруйт го» — деп жазган Аскаров.