Коом

“Бир айыл – бир азык” долбоорунун алкагында Бишкекте Улуттук бренд сынагы өтөт

Бишкекте, 16-декабрда, саат 9:30да Hyatt Regency Bishkek мейманканасында үч жылдан бери биринчи жолу КРнын Экономика жана коммерция министрлиги Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен биргеликте “Улуттук бренд таймашы Бир айыл – бир азык 2022” деп аталган сынакты өткөрөт.

Экономика министрлигинин берген маалыматына таянсак, иш-чарага министр Данияр Амангельдиев, чет өлкөлөрдүн КРдагы элчилери катышышат.

Эскерте кетсек, буга чейин долбоордун алкагында Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жергиликтүү чийки заттан жасалган уникалдуу продукцияны иштеп чыгуу жана сатуу боюнча аймактык платформалар/бренддик комитеттер түзүлгөн. 2019-жылдын март айында долбоор ар бир региондон тандалып алынган бренддик продукцияларды чогултуп, жалпы улуттук товар конкурсун өткөргөн болчу (Биринчи Улуттук Бренд конкурсу 2019). Бирок кийинки жылдары COVID-19 кырдаалына байланыштуу токтоп калган.

Долбоор JICA жана КРнын Экономика министрлиги менен биргеликте ишке ашырылып келет.

Долбоор ата мекендик ишкерлерге жалаң жергиликтүү ресурстардын эсебинен сапаттуу сертификацияланган продукцияны өндүрүүгө жардам берет. Долбоорлордун алкагында бал, табигый ширелер жана кыямдар, кийизден жасалган буюмдар ж.б.у.с товарлар чыгарылып, учурда Япония, Россия, Кытай, АКШ жана Европа өлкөлөрүнө экспорттолуп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button