Коом

Баткенге жардам. Насыя алуучулардын 56 миллион сом кредиттери реструктуризацияланды

Финансы-кредиттик уюмдар Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен насыя алуучуларга жардам берүүнү улантууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жалпысынан 500 насыя алуучу кайрылган. 27,5 миллион сомго 344 кредит алынып, 56 миллион сомго 224 кредит реструктуризацияланган.

«Финансы-кредиттик уюмдар жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздарды карап чыгышат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт», — деп билдирди Улуттук банк.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. 206 адам жабыркап, 63 адам каза болду Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Башкы прокуратура КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button