Коом

Салык кызматынын лотереясы: Башкы байгени Сүлүктүнүн тургуну утуп алды

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү турунун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Бүгүнкү, 30-декабрдагы оюнга 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышты. Үчүнчү турда 52 белек: 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, 5 кир жуугуч машина, 5 муздаткыч, 5 телевизор, 5 чаң соргуч, 6 микротолкундуу меш, Бишкектен бир бөлмөлүү батир, 2 электромобиль ойнотулду.

Лотереянын эң негизги байгеси болгон батирди Сүлүктү шаарынын тургуну Чынара Каныбек кызы утуп алды. Мындан сырткары, 51 белек өз ээлерин тапты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button