КоомСаясат

Эрбол Султанбаев: «Бул силер тараптан коомчулукка, окурмандарыңарга болгон жоопкерчиликсиз мамиле»

Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Facebook социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кактус медиа сайтына Президенттин 31-декабрдагы кайрылуусу боюнча жалган маалымат таратканына жооп берди:
«Урматтуу Кактус медиа редакциясы!
Маалыматты тактабай туруп, ишенимдүү калп айтып, коомчулуктун башын айлантып жатасыздар. Силердин жалган маалыматка жарандардын бир бөлүгү ишенип алышы мүмкүн.
Бул силер тараптан коомчулукка, окурмандарыңарга болгон жоопкерчиликсиз мамиле.
Кыргызстан сөз эркиндиги бар өлкө. Тилекке каршы айрымдар ал эркиндикти кыянаттык менен пайдаланып, атайылап адаштырып, жоопкерчиликти унутта калтырууда.
Ушундай калпты таратып, элдин башын айлантып, жоопкерчиликке тартылып баштаганда дароо «сөз эркиндигине басым» деп чыгасыздар.
Же сөз эркиндиги деп эле жалган маалымат тарата берсе болобу?
Ар бир ЖМКда маалыматтын чын-жалганын тактап алуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз сөз кылып жаткан басылма аны ойлонгон да эмес окшойт.
Дайыма айтып келем, сөз эркиндиги калп айтуу эмес, бул эң биринчи кезекте коомчулук алдындагы жоопкерчилик».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button