Коом
Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу узартылды
Кыргызстанда окуучулардын кышкы каникулу сууктан улам 16-январга чейин узартылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, мектепте үчүнчү чейрек 11-январь күнү башталмак. Бирок Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, өлкө аймагында катуу суук болорун айткан.