Коом

Кувейттеги популярдуу электрондук гезитке Кыргызстан тууралуу видеоролик жарыяланды

Кувейтте «Al Anba» («Вести») деп аталган популярдуу электрондук гезитине Кыргызстан тууралуу видео ролик чыгарылды. Элчиликтен билдиришкендей, тасмада Кыргызстандын кооз жерлери, жаратылышы, каада-салты көргөзүлгөн.

Чет өлкөлөрдө Кыргызстан тууралуу мындай тасмалардын көрсөтүлүүсү өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүүгө чоң салымын кошот. Андыктан, өнүккөн өлкөлөр менен кызматташтыкты чыңдоо жана туристтерди тартуу максатында мындай кадамдар байма-бай жасалып турушу абзел.
Кыргызстандын кооз жаратылыш, керемет табияты тууралуу видеолорду http://discoverkyrgyzstan.org/ дарегинен да көрүүгө болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button