Коом

Кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды. Мындан ары патент электрондук түрүндө гана берилет

2023-жылдын январынан тартып экономикалык ишти жүзөгө ашырууга патенттер электрондук түрдө гана таризделиши керектигин Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылды.

Патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетке» кирүү жетиштүү.

«Жеке кабинет» аркылуу онлайн режиминде патент алуу жана анын колдонулушун узартуу менен гана чектелбестен, башка салык кызматтарынан да пайдаланууга болот.

Ошондой эле банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө «Электрондук патентти» тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керек.

Патентти ИCН боюнча эмес, төлөм коду боюнча төлөө керек.

Мындан тышкары, Салык кызматы салык төлөөчү электрондук патентти үчүнчү жактардын санариптик платформалары (коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору ж.б.) аркылуу тариздеп жана төлөй ала тургандыгын да билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button