Коом

Бакыт Төрөбаев: Ипотекалык негизде салынуучу турак жайлардын саны көбөйөт

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек жана Ош шаарларында эле эмес, республиканын бардык аймактарында ипотекалык негизде салынуучу турак жайлардын саны көбөйөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Мамкурулуштун 2022-жылда аткарган иштери боюнча жыйынтыктары, жетишкендиктери каралды жана кетирген мүчүлүштүктөрдү жоюу максатында алдыдагы пландар талкууланды.

2022-жылы курулуш тармагында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 138,3 млрд сомду түзүп, ал өткөн жылга салыштырмалуу 3% өсүш болгон. Ал эми, курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 175,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 8% түздү. Бул экономиканын өсүү динамикасынын бирден бир себеби. Статистика боюнча ала турган болсок, буга чейин 10 жылда 353 мектеп салынса, 2 жылда 140 мектеп курулду.

Курулуш тармагындагы иштерди жүзөгө ашырууга мамлекет байма-бай колдоо көрсөтүп өзгөчө көңүл бурат. Бул үчүн 2023-жылы 150нүн тегерегинде социалдык объект курулаары күтүлүүдө. Анын ичинде 8 жаңы заманбап оорукана курулат.

“Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарына Мамкурулуш киргени аныкталды. Демек, элдин ишеними Мамкурулушка төмөн экендигин билдирет. Бул багытта агенттиктин жетекчилиги эффективдүү иш-аракеттерди аткарышы абзел”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары аткарылган иште ачык айкындуулук болуусу үчүн, Мамкурулуштун коллегия мүчөлүгүнө жеке тараптарды кошууга чакырды. Мындан тышкары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин ата мекендик ишканалардын иштеп кетүүсүнө колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады. Курулуш бул экономиканын локомотиви.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button