Коом

Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон «Каприз» пансионатындагы 28% акциясын сатат

Мамлекет акциялардын 28%ы тиешелүү болгон Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунан ушунча жылдан бери бир тыйын дагы дивиденд алган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Бакировдун айтымында, «Каприздин» башка акционерлери банктардан кредит алып алышкан.

«Ошол банктын кредитин жабабыз деп пайда көрсөтпөйт. Ошондуктан мамлекеттин үлүшүн сатып алгыла деп менчиктештирүүгө киргизип жатабыз», — деди мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

Ошондой эле Бакиров аны баасы бар учурунда сатып жиберген туура экенин белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button