Коом
6-февралга карата аба ырайы
6-февралда өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт, бирок жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
ӨКМ тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар экендигин айтып, зарылчылык болбосо айдоочуларды алыскы жолго сапарга чыкпоого чакырды.
Абанын температурасы Чүйдө +4…+9, Талас аймагында +3…+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болсо, Нарында -2…-7 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаа Бишкекте термометр +7…+9, ал эми Ош шаарында +9…+11 градус болот.