Коом

Атамбаевдин калпы. Кой-Таш окуясында каза болгон жигит тууралуу айтканы жалган экени аныкталды

Мурдагы президент алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы учурунда каза болгон жигит жана аны жашыруун түрдө жерге берилгени боюнча маалыматы такталган жок. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаевдин 2023-жылы 14-февралдагы колониядан бошотулгандан кийин сүйлөгөн сөзүнө мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө 2019-жылы 7-8-августта Кой-Таш айылында өткөн окуя учурунда аны карапайым эл коргоп жатканда жарандардын бири жашырун көмүлгөнү белгилүү болгон.

Ошентип, 16-февралда аталган маалыматты текшерүү максатында бул факты милициянын маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жогорудагы жаранды көмүү боюнча Талас облустук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, К.М. аттуу жарандын өлүмү Кой-тАш окуясына тийиштиги жок экени аныкталган.

Анын өлүмү кырсыктан улам болгону аныкталды. Белгиленгендей, ал тоодо жоголгон малын издеп жүрүп, кокустан сол бутуна атып алып, көп кан жоготуудан улам каза болгон. Муну чогултулган материалдар жана жакын туугандарынын көрсөтмөлөрү тастыктап турат. Мылтык да алынган.

Аталган факты боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Чүй облустук ИИББге Ирина Карамушкина чакыртылды. Ал Кой-Таш окуясында белгисиз жигиттин өлүмү жана анын жашыруун көмүлгөнү тууралуу маалыматты бейтааныш Б. аттуу аялдан алганын, 2019-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп туруп бул маселени коомчулукка көтөрүп чыкканын айтты.

Ошентип, текшерүүнүн жыйынтыгында А.Атамбаев менен И.Карамушкинанын Кой-Таш окуясында бир жигиттин өлүмү жана аны жашыруун көмүү боюнча айткан жүйөлөрү тастыкталган жок.

Ички иштер министрлиги жарандарга атайылап жалган маалымат тараткандар мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button