Коом

Кадамжайда милиция кызматкерлери медреселерде окушкан өспүрүмдөр менен жолугушту

Кадамжай районунун Көтөрмө, А. Масалиев, Үч-Коргон айыл аймактарындагы медреселерде билим алып жаткан өспүрүмдөр менен Кадамжай РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жолугушуп, баарлашты.

Ал жерде билим алып жаткан жаштар менен экстремизмди жана терроризмди алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер менен тааныштырылды. Ошондой эле алардын шарттары, коопсуздугу көзөмөлдөнүп, кылмыштуулукту алдын алуу багытында иштер жүргүзүлдү.
Мындай демилге Кадамжай РИИБдин жетекчилиги тарабынан демилгеленип, район аймагындагы бардык мектептерде, медреселерде өткөрүлүп жатат.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button