Коом

Улуттук банк «финансылык пирамидалар» активдешип жаткандыгын эскертет

Улуттук банк акыркы мезгилде «инвестиция» түрүндө калктын акча каражаттарын тарткан жактардын ишинин активдешип жаткандыгы байкалгандыгын маалымдайт.

Көбүнчө пайдалуу шарттарга басым жасоо менен масштабдуу жарыя кылган акциялар өткөрүлөт, атап айтканда, коммерциялык банктардагы депозиттер боюнча чендерден ашкан «инвестициялар» боюнча пайыздык сый акылар, ошондой эле кайтарып берүү кепилдиги сунушталат жана тобокелдиктердин жоктугу айтылат.

Ошону менен бирге көпчүлүк учурларда инвестициялык компаниянын атын жамынган «финансылык пирамида» белгилерине ээ жактар иштешүүдө, мында өз кезегинде алдоо жана салынган каражаттарды жоготуу тобокелдиктери бар.

Мыйзам талаптарына ылайык аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугу Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган финансы-кредит уюмдарына гана таандык экендигин эскертип кетүү зарыл. Лицензиялануучу жактардын иши аманаттардын сакталышын жана аманатчылар алдында милдеттенмелеринин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу менен Улуттук банкынын тыкыр көзөмөлүндө тургандыгын белгилей кетүү керек.

Булак: Экономист.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button