Коом

Кыргызстан Кувейт мамлекети менен кызматташууну бекемдөөдө

Үстүбүздөгү жылы 6-мартта КР финансы министри Алмаз Бакетаев иш сапарынын алкагында Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун директорунун милдетин аткаруучу Валид Шамлян Ахмад Аль-Бахари мырза менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда Бакетаев Кыргызстанда экономикалык реформаларды жүргүзүүдө, өлкөнүн инфраструктурасын модернизациялоодо жана жакшыртууда өз убагында колдоо көрсөтүп жаткандыгы жана 2022-жылы 3-4-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык тобунун төртүнчү жыйынына активдүү катышкандыгы үчүн Кувейттин Араб экономикалык өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймактарын таза суу менен камсыздоо долбоору каралды. Анда министр «Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарын таза суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын өнүктүрүү» долбоору ишке ашырылып жаткандыгын билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button