Коом
13-мартка карата аба ырайы
Дүйшөмбүдө күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Эртең менен туман капташы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +9…+14, Таласта +10…+15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көлдө +9…+14 жана Нарында -3…+2 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +12…+14 жана Ош шаарында +18…+20 градусту көрсөтөт.