Бүгүн, 13-мартта, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук драма театрында белгилүү журналист, акын Кубат Оторбаевдин чыгармачылык кечеси өтөт.

Кечеде Оторбаевдин «Гүлдөр күтөт» аттуу жаңы чыккан китебинин бет ачары да болот. Китеп Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан 2022-жылдын мыкты китеби деп таанылган.

Кече тууралууу китептин автору мындай деди:

«Ырдын, махабаттын, жаштыктын, мотивациянын, адамгерчиликтин, жүрөктүн, акылдын кечеси! Муза кудайы, искусство, маданияттын дилдиреткен, эргиткен аурасы баарыбызды толкутуп, залдагы 700 адамды бир нотага салып, арбаары калетсиз. Назым Мендебаиров — таланттуу режиссер. Анын колу тийген иш өзүнчө керемет авазга айланаары талашсыз».

Коноктор КР эл артисти Саламат Садыкова, эмгек сиңирген артисттер Майрамбек Осмонов, Гүлжигит Калыков, Жазгүл Жумаканова, Аскат Мусабеков, Үмүтай Абдышева, Бакыт Мамаев, Алтынбек Кадыралиев, Токтобек Ысыранов, ошондой эле төкмөлөр Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Кутман Садыбакасов кечени шаңга бөлөшөт. Башталышы: саат 18:00дө.