Кыргыз эл жазуучусу, ТYРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы Кыргызстандыктар тиккен боз үй шаарчасы, андагы түрк боордоштордун пикирлери менен Faceook социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн:

«Кахраманмараш. Түркия.

Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чекен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик.

Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бу шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат. Биздин жигиттер Кахраманмарашта каармандыкты көрсөттү. 120дан ашуун боз үйлөр мына ушул жерге тигилген.

Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө буердин штабында илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичи экен. Түрк туугандарыбыздан бу тууралуу сураганыбызда “Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди… Сиздерге ыраазыбыз!” деп жооп берди.

Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт… Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен!” деп, текши ооздон айтты…

Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик.

Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез,губернатор Хайдар Мете менен бирге эл менен жолуктук.

Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш (плов) жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот…» – деп жазган Султан Раев.