Коом

Кара-Балтада эки текстиль ишканасында 350 жаңы жумушчу орун түзүлдү

Кара-Балтадагы мурдагы килем фабрикасынын аймагындагы жалпы аянты 70 миң чарчы метр аянтта эки ишканада текстил кластери даярдалып жатат. Аталган ишканаларга бүгүнкү күнгө чейин 18 млн доллар инвестициялык каражат салынды жана 350 жаңы жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу 17-марттагы парламент жыйынында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, текстиль ишканаларына жалпы 45 млн доллар инвестиция тартылат жана 1000 ашык жумушчу оруну түзүлөрү каралган.

Н.Баясов билдиргендей, жакында ЭЭА ичинде “Кашемир” ишканасы ишке кирген. Ал ишкананын бардык өнүмдөрү экспортко чыгарыла баштайт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button