Коом

Баткен районунда ПЦР-лаборатория ачылды

Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөлдөө борборунун ПЧР (ПЦР) лабороториясы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Имараттын курулушу 2021-жылы башталып, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Бардык керектүү болгон заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган.

Жеңил контрукцияда курулган типтүү лаборатория 30 кабинеттен туруп, атайын анализдерди кабыл алуу үчүн анализдерди көрүү жана жыйынтыктарды берүү үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган.

Келечекте ПЧР лабораториясы кенейтилип, бир эле коронавирус илдетин аныктоо эмес, башка вирустуу инфекцияларды да аныктоо жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө лаборатория ILAB системасына кошулуп, жарандар анализдердин жыйынтыктарын бул жакка келбестен, QR коду менен алса болот.

Лабораториянын ачылышына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен облусундагы чек ара айылдарын өнүктүрүү жана калыбына келтирүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарынын мэри жана Баткен районунун акими, ошондой эле медицина кызматкерлери катышты.

Облус башчысы жаңы имарат менен таанышып, лабораторияда түзүлгөн шарттарды көрүп чыкты. Андан соң борбордун кызматкерлерин жаңы имараттын ачылышы менен куттуктап, медицина кызматкерлеринин ишине ийгиликтерди каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button