Кечээ, 23-мартта Санкт-Петербургда өтүп жаткан “Сергек коом” форумунун алкагында Кыргызстандын Улуттук онкология жана гематология борбору жана Россия Федерациясынын Н.Н. Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, меморандумдун алкагында кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, форумдун алкагында КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары Бакыт Шайымбетов, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева Н.Н. Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесине барышты.

Аталган борбордун директору Алексей Беляев онкологиялык борбордун ишмердүүлүгүнө токтолуп, клиникага 95 жыл толгондугун, 1927-жылы борбор негизделген күндөн тарта онкологиялык оорулар боюнча илимий-практикалык мекеме катары иштеп келээрин айтты.

Маалымат үчүн: Н.Н.Петров атындагы Улуттук онкология илимий борбору — Россиядагы дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде адистештирилген жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүчү ири федералдык илимий жана клиникалык борборлордун бири. Кыргызстандык адистер балдардын саркомасын дарылоонун уникалдуу ыкмасы, онкологиялык оорулуулар үчүн 3D протездөө колдонулган, молекулярдык-генетикалык, патоморфологиялык, иммуногистохимиялык жана радиологиялык изилдөөлөр ж.б. жүргүзүлгөн балдар бөлүмүнүн иши менен таанышты.