«Баткен» бажысы товардын жалпы салмагы 522.2 кг болгон контрабандалык товарды кармашкан. Бул тууралуу бажынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда КР жараны «И.М.А.» башкаруусундагы «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

«Бажылык текшерип кароодо унаанын жүк бөлүгүнөн 25 кап өлчөмүндө желим каптарга салынган карниз үчүн пластик шакекчелер товарлары, карниз үчүн кармагычтар 5 кап өлчөмдө табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 522.2 кг түзгөн. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок болгон», – деп мекеме белгиледи.

Баткен райондук сотунун 2023-жылдын 1-мартындагы чечими менен унаа мамлекеттин кирешесине конфискацияланган.