Кыргыз коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын, анын ичинен Азаттыкты калыстыкты, бейтараптуулукту чагылдырат деп окуп, угуп келишет. Азаттык акыркы 10 жылдан ашык убакыттан бери мурдагы принциптерин карманбай, өздөрүнө тиешелүү ички мыйзамдарын да бузуп, бир тараптуу гана иштеп келе жатат. Батыштан каржыланып, алардын биздин маданиятка, каада-салтка жат көрүнүштөрүн таңуулап, ыпластыкты пропагандалоо менен алектенгени сокурга да маалым эмеспи.

Акыркы убактарда Кыргызстандын ички саясатына да кийлигишип, эл аралык коомчулукка туура эмес маалыматтарды таратып жатат. Мисалы, Баткендеги тажиктердин чек арабызды бузуп кирип, куралдуу кол салуусун да кыргыз тарап биринчи баштады деп жазып чыгышты. Бул үчүн алардын ишмердиги токтотулду. Мындай маалыматты жазуусунун себеби белгилүү болду. Азаттыктын Америкадагы жетекчиси Джейми Флай Тажикстандын президенти Рахмон Эмомали менен жакындан ымала түзүп, Азаттыктын Тажикстандагы бюросу Рахмондун пиар компаниясына айланып калганын ЖМКлар жазышты. Демек, Азаттыктын башчылары дагы акча берген тараптын ырын ырдайт экен! Бул көрүнүштөн кийин биздин Азаттык батыштын саясатын жасаганы таң калыштуу эмес.

Кыргызда сөз бар, «Бака өзүнүң майрык экенин билбейт» деген. Анын сыңарындай ашмалтайы чыккан Азаттык Кыргызстандагы Акипресс маалыматтык агенттигинин ишмердигин сынга алып, Россияны колдоп, алардын саясатын жайылтат деп жазышты. Азаттык өзү дагы Россия менен Украинанын ортосундагы согушту тынымсыз чагылдырып, Украинаны колдоп жатат. Маалыматтык бейтараптуулук жагынан Азаттыктын аксаганы качан! Ал эми Акипресс МА эки тараптын тең позицияларын чагылдырып, бейтараптуулукту карманат. Буга коомчулук дагы күбө.

Азаттык күн сайын өз жүзүн, жүздөгөн окурмандарын жоготууда. Ошон үчүн кесиптештери эмгектенген Акипресстин ишин сындап, тилектештик кылууну дагы эске албай калганы байкалууда.

Ал эми Акипресс өлкөдөгү алдыңкы маалымат булагы деп эсептелет. Ар бир кыргызстандык алгачкы, так жана туура маалыматты Акипресстен окушат.

Азаттык Батышты пропагандалоо иштерин улантып, Россиянын саясатына кийлигишип, Украинаны колдоп отуруп, акыры КМШ өлкөлөрүндө жабылып калуу алдында турат. Ошон үчүн акыркы айла, аракеттерин жасап, мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатат. Уурунун жолу кууш дегендей, бузукулук менен алектенген Азаттыктын да жолу узак эмес.