Коом

 «КамАЗ» Ош шаарына тейлөө борборун ачат

«КамАЗ» Ош шаарына тейлөө борборун ачат. Бул тууралуу «ВТК КамАЗ» компаниясынын Орто Азия боюнча директору Любовь Тюрина билдирди.
Ал кечээ кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын өнөр жай боюнча жумушчу тобунун жыйынында сүйлөдү.

“Ошко тейлөө борборун ачуу пландалууда. Майда биздин адистер шаарга барып ылайыктуу жерлерди изилдеп келишет. Ошондой эле кыргызстандык кесиптештер менен тажрыйба бөлүшөт”, — деди Тюрина.

Бүгүн, 29-мартта, Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча жыйыны өтөт. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук жетекчилик кылат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button