Коом

2022-жылы микрокредиттердин 48%дан ашыгы керектөө муктаждыктарына багытталган

2022-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан берилген кредиттердин суммасы 39 млрд сомдон ашты, мында алуучулардын саны 672 миң адамды түздү. Маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Такталгандай, микрокредиттерди алган калктын саны 2021-жылга салыштырганда 4.3%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 6%га көбөйгөн.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек шаарынын (7.4 млрд сом же жалпы көлөмүнүн 19%), Ош облусунун (6.8 млрд сом же 17.4%), Чүй (6.4 млрд сом же 16.3%) жана Жалал-Абад облустарынын (5.7 млрд сом же 14.6%) алуучуларына берилген.

2022-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 48.5%ы керектөө муктаждыктарына, 23%дан ашыгы айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11.7%ы – соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө жана 6.3%ы курулушка багытталды. Муну менен бирге мурунку жылга салыштырганда керектөөчүлүк муктаждыктарына берилген микрокредиттердин үлүшүнүн олуттуу – 10% пунктка көбөйүшү байкалды, ал эми айыл чарбасына берилген микрокредиттердин үлүшү тескерисинче 5.1% пунктка, курулушка берилген микрокредиттердин үлүшү 2.1% пунктка кыскарды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button