Коом
Кыргыз-орус өкмөттөрү бир катар документтерге кол койду
Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу минкаб маалымат кызматы билдирди.
Отурумунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:
- соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынынын протоколу;
- КР министрлер кабинети менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы КР орус тилинде билим берүүчү биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуу;
- 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы ЕАЭБ кошулуунун алкагында КР техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- КР Финансы министрлиги менен РФ Финансы министрлигинин ортосундагы КР ишке ашырып жаткан салыктык администрациясын колдоо үчүн РФ тарабынан КР акысыз техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- КР Финансы министрлиги менен РФ Финансы министрлигинин ортосундагы РФ тарабынан КР Финансы министрлигине мамлекеттик финансыны башкаруу тармагында илимий-методикалык колдоо жана техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашуу;
- КР Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы менен Мамлекеттик каттоо, кадастр жана картография боюнча федералдык кызматынын (Росреестр) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- «Бишкек Солар» жоопкерчилиги чектелген коому, «Юнигрин Энерджи» компаниялар тобу жана «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК ортосунда электр энергиясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү келишим.