Коом

Маданият министри Максүтов Ош филармониясынын эмгек жамааты менен жолукту

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын эмгек жамааты менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө министр филармониянын учурдагы абалынан кабардар экендигин айтып, бардык концерттик мекемелерде оркестрде иштеген кызматкерлердин таңкыстыгына токтолду. Аны менен катар, филармониянын гастролунун маршрутун түзүүнү, ал үчүн транспорт жана атайын формалар менен камсыздоо жүргүзүлө тургандыгын маалымдады.

Жыйын суроо-жооптор менен коштолуп, эркин форматта өттү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button