Коом

Бишкекте саймачылардын кароо-сынагы өтөт. Шарттары

Бишкекте 15-апрелде «Сайма – 2023» кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан керме сайма сайганды билген каалоочулар катыша алат. Ал үчүн атайын катышуучунун барагын 13-апрель, саат 17:00гө чейин толтуруп, катталуу шарт.

Кароо-сынак эки багытта өткөрүлөт:

1-багыт: «Сайма чемпионаты – 2023»;

2-багыт: «Мыкты белдемчи» сынагы.

«Сайма чемпионаты – 2023» катышуучулары жаш курагына жараша эки топко бөлөт:

1-топ: 17 жашка чейинки мектеп окуучулары арасында;

2-топ: 18 жаштан жогорку катышуучулар арасында.

Уюштуруу комитети тарабынан ар бир багытка, ар бир топко өз-өзүнчө шарттар, талаптар коюлуп, баалоо критерийлер эки башка деңгээлде каралат.

Жеңүүчүлөр диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланат. Иш-чара саймачылардын мастер-класстары, «Шедевр белдемчи» аукциону жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, интерактивдик оюндар менен коштолот.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Кийиз Дүйнө» коомдук фонду менен биргеликте өткөрүп жатат.

Фестивалдын максаты салттуу билимдин сап башында турган сайма өнөрүн кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу, салттуу маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоо. Кыргыз саймаларынын баалуулугун көргөзүп, ал өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана сайманын бир нече түрүн эл арасында кеңири жайылтуу болуп саналат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button