Кечээ, 31-мартта, Улуттук банк валюта рыногунда 45,2 миллион доллар сатты.
Адатта банк алмашуу курсунун өзгөрүшүн басаңдатуу же америкалык валютанын тартыштык/ашык маселесин чечүү үчүн долларды сатат же сатып алат.
Доллардын орточо курсу дээрлик өзгөрүүсүз калды.
Бул быйылкы жылдын эсебинен жасалган алтынчы интервенция, жалпысынан 307 миллион 370 миң доллар сатылды. Март айында Улуттук банк чет элдик валютаны эки жолу, жалпысынан 80,2 миллион доллар саткан.
Эреже катары интервенциялар боюнча маалыматтарда накталай эмес операциялар көрсөтүлөт.