Коом

Баткенде апрель баатырлары эскерилди

Баткен Мамлекеттик Университетинде 7-апрель элдик революция күнүнө карата атайын иш чара уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, иш-чарага  КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер, окуу жайдын окутуучулар курамы, жаштар катышты.

Иш чарада апрель окуясынын маани маңызы, хроникасына тарыхчы-окутуучулар кеңири токтолду.

Облус башчысы, бул күндү өлкө тарыхында кайра жаралууга багыт алган күн катары белгилеп, 7-апрелдеги баатырлардын эрдиги жаштарга, келечекке өрнөк болуп, курман болгондордун элеси кыргыз элинин жүрөгүндө, тарыхында түбөлүк сакталаарын айтты.

Ошондой эле облус башчысы жана мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда апрель окуясында курман болгондорго багышталып куран окулду.

Бул күнү облустун бардык мечиттеринде жума намазында, шейит кеткен апрель баатырларынын арбайына багышталып куран окулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button