Коом

Соцпедагогдор мигранттардын балдарына психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү курстарынан өтөт

Үстүбүздөгү жылдын апрелинен сентябрына чейин социалдык педагогдор үчүн психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү боюнча курстар өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курстардан Талас жана Панфилов райондорундагы мектептердин 55 социалдык педагогу өтмөкчү. Ошондой эле аталган райондордо “Миграциянын себебинен калтырылган жана жабыркаган балдарды психологиялык-педагогикалык колдоо” базалык изилдөөсү жүргүзүлөт.

Иш-чаралар Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, “Балалык Институту” коомдук фондунун катышуусунда жана Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасынын (БОМКА 10) долбоорунун алкагында уюштурулат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button