Коом

Салык кызматы жыл башынан бери бюджетке 54 млрд сомдон ашык каражат чогултту

2023-жылдын январь-март айларында Салык кызматы бюджетке дээрлик 54.6 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган башкармалыктын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.

Төраганын орун басары мекеме белгиленген планды 1.3 млрд сомго ашык аткарганын, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык чогултуу көрсөткүчү 8 млрд сомго көбөйгөнүн айтты.

«Анын ичинде 40.4 млрд сом салык жана төлөмдөр пландан 499 млн сомго ашык чогултулган. Бул 2022-жылдын үч айына салыштырмалуу 3.7 млрд сомго көп. Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 14.5 млрд сомду түздү – план 849.3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4.3 млрд сомго көп», — деди Кыдыргычов.

Кыдыргычов мунун себеби Салык кызматы салыктык башкарууну жакшырткандыгы жана ишкерлерди онлайн-кызмат көрсөтүүгө өткөрүү иштери менен түшүндүрдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button