Кылмыш-кырсык

«Токмок жылуулук» ишканасындагы коррупция. Дагы үч адам камакка алынды

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарынын мэриясынын алдындагы  «Токмок жылуулук» МИнин мурдагы директору  Ш.у.Т.  учурдагы директору К.И.А., ошондой эле инженер К.Д.Д. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынын 22-апрелдеги маалыматына караганда, «Токмок жылуулук» ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулган бир катар үйлөр аныкталган, алардан келтирилген зыян, алдын ала маалыматтар боюнча, 25 миллион сомдон ашык.

Жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук магистралына мыйзамсыз кошулушун текшерүүдө 55 миллион сомго ашыкча сарпталган жаратылыш газы жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын сарамжалсыз пайдаланылышы боюнча 49 миллион сомго мыйзам бузуулар аныкталган.

Алсак, акыркы 2 жылда күйүүчү майларды негизсиз эсептен чыгаруудан жана жылуулук энергиясын «Токмок жылуулук» МИге берүүдөн түшкөн каражаттарды максатсыз пайдалануудан келтирилген алдын ала зыян 130 млн сомдон ашык сумманы түздү.

Бул адамдар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын СИЗОнун УККсына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Эске салсак, 17-апрелде  “Токмок жылуулук” МИдеги  коррупциялык  схемаларга шектелип Токмок шаарынын мэри У.Самаев кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button