Коом

Кыргызстандыктар майда беш күн катары менен эс алат

Кыргызстанда 1-май күнү (Эмгек күнү) жана 5нен 9-майга чейин эс алуу күндөрү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эскертет.

Кызматкерлердин дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында министрлер кабинетинин атайын токтому кабыл алынган. Ага ылайык, беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 5-майдан 9-майга чейин дем алыш күндөрү болот. Ал эми 8-майдагы иш күн 13-майга которулат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-май — Эмгекчилердин күнү, 5-май — Конституция күнү, 9-май — Жеңиш күнү белгиленет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button