Коом

Москвада кыргызстандык таксист пенсионерди алдагысы келген шылуундарды алдады

Москвада Жеңишбек К аттуу таксист алданган пенсионерге жардамга келген.

Телеграмдагы «112» каналынын маалыматына караганда, 84 жаштагы Светлана Евгеньевна К.га милициядан телефон чалып, кырсыкка кабылган тууганын кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 500 миң рубль талап кылган. Пенсионер Жеңишбек айдаган таксиге телефон чалып, дарегин көрсөтүп, көк сумкасын берген. Таксист ичинде акча барбы деп сураса, Светлана Евгеньевна терс жооп берген.

Жолдон сумканы  алуучу таксистке бат-баттан чалып аны шаша баштаган. Бир нерседен шектенген Жеңишбек баштыкты ачып, ал жерден жарым миллион рублди көрөт. Акчаны өзүнө алып,  бош сумканы алуучуга берип, акчаны пенсионерге кайра алып келп берген . Бирок ал эшикти ачкан эмес, андан кийин таксист полицияны чакырып, кире бериште күтүп турган.

Укук коргоо кызматкерлери Светлана Евгеньевна шылуундардын курмандыгы болуп кала жаздагандыгын аныкташкан. Учурда милиция шектүүлөрдү издеп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button