Коом

Баткен облусунда “Тынчтыкты сактоо боюнча аялдардын активдүү уюмдары менен диалог” аттуу иш чара өттү

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, Социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева, Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева баштаган депутаттар Шарапаткан Мажитова, Лейла Лурова, Гүлшаркан Култаева, Айгүл Айдарова, Нилуфар Алимжанова, Жылдыз Таалайбек кызы, Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Баткен облусундагы жергиликтүү кеңештердин депутаттары, активист айымдар менен бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада аймактагы аялдардын социалдык көйгөйлөрүн биргелешип чечүү жана бул жаатта аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Жыйында баяндама жасаган Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева жергиликтүү айымдардын аракети конкреттүү маселелерди чечүүгө гана жардам бербестен, коомдук аң-сезимдин өсүшүнө жана маанилүү маселелерди көтөрүп чыгууга жардам берерин белгилеп: “Бүгүнкү жолугушуу Баткен облусунун аялдары үчүн кандай чакырыктар, көйгөйлөр бар экенин жана аларды биргелешип кантип чече аларыбызды талкуулоого мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Силердин идеяларыңар жана сунуштарыңар биздин келечегибиз үчүн чоң мааниге ээ”,– деп кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button