Коом

Шашылыш билдирүү! Үшүк жүрөт

Өлкөнүн аймактарында 3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

3-6-майда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус суук болот (үшүк жүрөт).

Мындай аба ырайы жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына, жерге отургузулган жашылчаларга коркунуч жаратат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button