Коом
11-майга карата аба ырайы
Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +26…+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көлдө +18…+23, ал эми Нарында +20…+25 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +29…+31, Ошто +30…+32 градуска жетет.