Саясат

Кытайлык компания Кыргызстанга завод курууга инвестиция салат

Бүгүн, 18-майда Сиань шаарында КР президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Ошентип, айыл чарба жаатында төмөндөгүдөй документтерге кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу ашкана жүзүмүнө карата фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Айыл чарбасы жана айыл министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга карата айыл чарбасы чөйрөсүндөгү кызматташуу планы;

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Хэбэй Бай Доу Цзя ЖЧКсынын ортосундагы жер семирткич чыгаруучу заводдун курулуш долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуу.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button