-Айгерим… Ай-гее-риим! – деп кыйкырып кызымды килтейген соода дүкөндүн ичинде балдар ойноочу жайдан издеп жаттым. Жашыл, кызыл, сары болгон кичинекей топтордун ичинде өзүнөн кичинекей бир балага топ сунуп жатыптыр. Берки жактан күзөтүп карап турдум. Анткени мага да кызык болду кызымдын башка бала менен топ ойноп жатканы. Аңгыча ары жактан ал баланын атасы келип, кызымдын көкүлүнөн сылап үчөө ойноп баштады.

Ооба, жашоодо эки адам көрүшөт деген сөз дал ушул жерде, ушул көз ирмемге дал келип турганын карасаң. Акырын басып бардым да кызымды колунан кармасам, “иики апа ойнойнчу ляля менен” деп туруп алды. Колун кое бердим да мен да алардын жанына отура кеттим. Ошондо жүзүмө жалт карадың да чоочуп кеттиң.

— Ккк..андайсың?

— Жакшы шүгүр, кудайым буйруп баары жакшы. Өзүң кандайсың?

— Жакшы баары, бул сенин кызыңбы, татынакай экен, өзүңө окшош экен.

— Ооба, менин кызым аты Айгерим.

— Ааа, жакшы ысым экен. Ии баса бул менин уулум, аты Белек. Ырымдап багып алдык, балким артынан бала келер, – дедиң.

Баланы карап башынан сылап койдум. Бирок сенин ичиңде кандай суроо туйлап жатканын эң жакшы билем.

Туура экөөбүз 5 жыл чогуу жашап дал ушул баланын айынан ажырашкан элек. Ал кезде апаң “төрөбөгөн аял алдың, айтканды угуп Асылдын кызын алсаң эмдигиче эгиз төрөмөк” дей берип акыры ажырашканбыз.  Ошол кезде сага канча ирет ыйладым, жалбардым. Чогуу караналы, балким күнөө сенде болуп жүрбөсүн, доктурлар менин организм баары жакшы деп жатат, анализдер таза чыгып жатат дегенде ишенбей, апаң экөөң тең мени каралап туруп алдыңар.

Канчалык ичимден жакшы көрүп турсам да апаңдын уу сөздөрүнө чыдай албадым. Соңунда апам “кой кызым, токтот, бактыңды башкадан сынап көр, балким балалуу болуп каласың” дегенде мен да ойлондум. Чындап балким башкадан балалуу болсом, сен ошондо ынанып, дарыланып келечекте “ата” болсун деп ойлодум.

Арадан бир топ убакыт өтүп турмушка чыктым, жыл айланбай кыздуу болдук. Атын Айгерим деп койдук.

Тагдырдын тамашасын кара, бүгүн бизди кайра кезиктирди. А мен өз актыгымды далилдей алдым. Анткени кызымдын көздөрү, каштары, муруну кудум эле меникиндей. Сен аны ДНКсы жок эле эң жакшы түшүндүң.

Ошондуктан айрым бир жагдайларда, тек гана бир кишини күнөөлүү кылуу да туура эмес. Тагдыр өзү баарын таразалап ордуна коёт экен.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.