Саясат

Путин Кыргызстан менен абадан коргонуунун бирдиктүү системасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен абадан коргонуунун бирдиктүү региондук системасын түзүү боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.

Макулдашууга Москвада 2022-жылдын 16-августунда “аймакта абадан коргонууну жакшыртуу максатында” кол коюлган.

Келишим учурунда Кыргызстан Орусияга 5 гектар жер тилкесин өткөрүп берет. Мыйзамды Мамлекеттик Дума 23-майда кабыл алса, Федерация Кеңеши 24-майда жактырган.

КМШнын бирдиктүү абадан коргонуу системасы 1995-жылы түзүлгөн. 2022-жылга чейин Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан активдүү катышуучулар бойдон калууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button