Коом
Орто-Сай базарын Бишкектин сыртына жылдыруу сунушталды
Орто-Сай базарын Бишкектин сыртына жылдыруу сунушталды. Бул тууралуу БШКнын жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдирди.
Ал белгилегендей, Ош жана Орто-Сай деген эки базардын жанынан өтүүгө мүмкүн эмес.
«Орто-Сай» базарынын Бишкектин сыртына алынышы шаар тургундарына ыңгайлуу болот», — дейт Казыбек Эргешов.
Белгилей кетсек, депутаттар ар кандай багыттагы объектилерге жер тилкелерине ижарага укук берүүгө мораторийди узартуу маселесин карап жатышат.