Кылмыш-кырсык

Ысык-Көлдө жылкы уурдаган жаран Бишкектен кармалды

Февраль айынын башында Жети-Өгүз РИИБге Барскоон айылынын 52 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө, белгисиз адамдар 31-январдан 1-февралга караган түнү үйдүн короосунан жылкысын уурдап кетишкенин билдирген. Материалдык зыян 70 000 сомду түздү.

Аталган арыз райондук милициянын КБРге катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, уурдалган мал Жети-Өгүз районунун тургундарынын биринен табылган. Анын айтымында, ал жылкыны белгисиз бир жарандан сатып алган болчу.

Уурдалган жылкы, малдын ээсине кайтарылып берилген.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө үй жандыктарын уурдоого шектүүнүн ким экендиги аныкталды. Ал, Барскоон айылынын 45 жаштагы тургуну Д.Б. болуп чыкты. Айылдаштарынын айтымы боюнча, кылмышка шектүү жаран көп убакыттан бери үйүндө жашабай жүргөндүгү маалым болду.

Кылмышка шектүү жаранды кармоо максатында, райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан издөө иши жарыяланган.

Жакында Жети-Өгүз РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан изделип жаткан жарандын жүргөн жери Бишкек шаарында аныкталып, колго түшүрүлгөндөн кийин, райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Райондук соттун чечими менен тергөө амалдарынын жүрүшүндө, шектүү жаранга карата 1 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button