Коом

Өзгөндүн борбордук стадиону жана Орто-Коргон паркы 2 млн. долларга оңдолот

Өзгөн шаарындагы борбордук стадион жана Орто–Коргон эс алуу паркы реконструкцияланарын президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Облус башчы Элчибек Жантаев реконструкциялоо долбоору менен танышкан. Өзгөн байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келери эске алынып, туризмди өнүктүрүү максатында 2 миллион доллар грант АРИС тарабынан бөлүнгөн.

Эс алуу багынын аянты 7,8 гектар, анда төмөнкүлөрдү жасоо пландалууда:

— Кирүүчү дарбаза;

— Фонтан;

— Флагшток;

— Көрүү аянтчасы;

— Суу кампасы;

— Жаш балдар ойноочу аттракциондор;

— Ажаткана:

— Стол оюндары үчүн жай;

— Жайкы театр;

— 400 киловаттык трансформатор.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button