Катар эмиринин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарынын алкагында Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Чектөө киргизиле турган көчөлөрдүн тизмеси:

• «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын чек арасына чейин:

• Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү:

• Жаш-Гвардия бульвары түштүктү карай Жибек-Жолу көчөсүнөн тартып, Чүй кең көчөсүнө чейинки бөлүгү:

• Чүй кеңе көчөсү Жаш-Гвардия бульварынан тартып, чыгышты карай Манас көчөсүнө чейинки бөлүгү:

• Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү:

• “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ала-Арча” эс алуу паркына чейин.

ЖКККББ алдыдагы сапар мамлекеттик маанидеги иш-чара экендигин эске салып, айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.