ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азуле өлкө башчы Садыр Жапаровго манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасын материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүү тууралуу сертификат тапшырды. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

ЮНЕСКОнун башкы директору кечээ, 8-июнда, өлкөгө расмий сапар менен келген.

Тараптар мындан сырткары кызматташууну талкуулап, ошондой эле биргелешкен программаларды ишке ашыруу боюнча мындан аркы пландарды өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришкен.

Мындан тышкары, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашкан.

Орозбаковдон жазып алынган «Манас» 180 миң 378 сапты түзөт. «Манас» эпопеясында 40 чородон тарта эсептегенде, бери дегенде эле 600дөн ашуун каарман катышат. Эң көп образ Сагынбай Орозбаковдун вариантында айтылат. Мында тулпарлардын саны эле 129га чукул.