Коом
1-июлга карата аба ырайы
Бүгүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31…+36, Таласта +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көлдө +21…+26 жана Нарында +22…+27 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +33…+35, Чолпон-Атада +21…+23 жана Ош шаарында +34…+36 градусту көрсөтөт.