ЖаратмандарКоом

Нургүл Каимова: Инвесторлордун колдоосу менен мигранттар үчүн бизнес долбоорун баштайбыз

Нургүл Каимова, Москва шаарындагы “Ипотека центр” кыймылсыз мүлк агенттигинин негиздөөчүсү, жеке ишкер:  Адамдарга жардам берүү – жашоодогу көнүмүш адат болсо керек деп атамдын бул асыл сапатын мен да өзүмө сиңирип алдым

«Жаштардан турган ынтымактуу жамаатым»

– Нургүл айым, өзүңүз тууралуу учкай маалымат берип өтсөңүз…

– Мен өзү ордолуу Ош шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, мен бешинчисимин. Оштогу орус мектепти аяктап, Кыргыз-өзбек университетинин информациялык технологиялар факультетин артыкчылык диплому менен аяктагам. Экинчи жогорку билимди да аталган окуу жайдан алдым. Бирок, турмуш шартка байланыштуу кесибим менен көп иштей алган жокмун, бакыт издеп тээ Россиянын Москва шаарына кеткем. Атам аябай патриот адам болгон, өмүрү кыска экен, арабыздан эрте кеткени өкүнтөт. Атамдын мыкты сапаттары менде бар деп эсептейм. Атам ОшМУда окутуучу болуп иштечү, кичи мекенибиз Алайдан келген тууган, тааныштардын балдарынын баарын үйгө жашатып алаар эле. Окуусун бүткүчөктү жүргөн студенттер да болду арасында… Мен аларга жардам берүүгө милдеттүүмүн деп көп айтчу. Жардам берүү – жашоодогу көнүмүш адат болсо керек деп атамдын бул асыл сапатын мен да өзүмө сиңирип алдым. Ал эми менин эң биринчи кеңешчим, таянаар тоом, жөлөнөөр аскам – апакеме ушундай күчтүү кыз кылып төрөп, максатыма жеткенге туура багыт көрсөтүп, кандай учур келбесин сынбай тосуп алганга үйрөткөнүнө ыраазымын. Апам мен үчүн тирүү легенда! Ар дайым аман болуп, төрүбүздүн көркүн чыгарып жүрө берсе деп көп тилейм.

– Мигрант болуунун оош-кыйын жолдорун айтып берсеңиз, учурда көптөгөн мекендештер сыртта жүрөт го, балким жардамыңыз тийип калаар…

– Москва шаарында жүргөнүмө быйыл 20 жылдын жүзү болуп калыптыр. Ал жакта 16 жылдан бери турак-жай тармагында эмгектенип жүрөм. Мен жаңы барган жылдары кыргыздар батир маселесинде аябай кыйналышчу, анын үстүнө тил билбей барып алган мекендештерибиз көп эле. Алгачкы жылдары батир маселесинен аябай кыйналдым, акча берип алданып калган күндөрүм да болгон. Ошонун аркасында турак-жай агентствосуна жумушка кирип калгам. Ага чейин ар түрдүү тармактарда иштеп жүрдүм, жумуш учурунда ыза болгон күндөрүм болду. Ошондой күндөрү кадимкидей арданчумун, эки диплом алдым, ЖОЖдорду артыкчылык менен бүттүм. Бала кездеги кыялдарымдын баары күбүлүп калгандай сезилип кетчү.

Эсимде.., бир жумушта жүрүп, үстүбүздөн караган эженин бизге окшош башка улуттан экенин билип алып, ал эмнеге бизди тейлейт, биз эмнеге ал чыккан тепкичке чыга албайбыз деп өзүмдү жей баштадым. Бардык жумуштардан чыгып алып, өзүмө татыктуу иш издей баштадым. Анан англиялык фирмага кийим сатуучу менеджер болуп иштеп калдым. Шарттары абдан жакшы, айлык акы жогору, кызматтык автоунаа алып кетип, кайра жеткирип калды. Ал жакта 2 жыл иштедим. Ошол эле учурда башка жумуштарда да иштеп жүрдүм. Айлык акымдын ченелүү экенине карабай кымбат китептерди сатып алгам. Ошол китептер менин кийинки жашоомо чоң жардамчы болду. Ал китептер биз азыр окуп жаткан Н.Хилл “Думай и богатей”, Р.Кийосаки “Богатый Папа, бедный Папа” ж.б.

Кийинчерээк батир берүүчү агентстводо 3 ай бекер иштеп берип, андан кийин толук жумушка алынып, өзүбүздүн мекендештерге батир алууга жардамчы болуп, анын аркасынан өзүмө да көбүрөөк кардар таба баштадым, пландар аткарылып, ошого жараша айлык маянам да көтөрүлдү. Анан барып батирлерди ижарага берген агентство ачып, (үйүмдү эле жумуш орду кылып алгам) кийинчерээк өзүбүздүн эмгекчил жаштарды окутуп, жол көрсөтүп баштагам. Мен окуткан окуучулардан 95% азыр жеке ишкерлер болуп, өз иштерин ачышып, ийгиликтүү иштеп жатышат.

 –  Учурда эмне менен алексиз?

Москвадан квартираны ипотекага женилдетүү шарттары менен кыргыздарга алып берип иштегениме 7 жыл болду. Өзүм 22 банктан окуп, алардын расмий өкүлү статусун алып, эми бардык үй алам дегендерге жол көрсөтүп жүрөм. Кыргызстандагы курулуш компанияларын дагы чакырып, мигранттар менен иштешүүгө да ыңгайлуу шарттарды түзүп, бир канча мекендештерибиздин турак-жай алуусуна себепчи болдум.

Миграция тууралуу акыркы мезгилдерде терс маалыматтар аябай көбөйүп кетти, бирок мен атайын интернет булагын тандап алып, тагыраагы ютуб канал ачып “Москвадагы кыялдар” деген кулинардык шоу ачтым. Ал жерге Москвадагы, Кыргызстандан барган ийгиликтүү мигрант жердештерди студияга чакырып, алар менен пикир алмашам, билбеген элге оор турмуштун аркасында жакшы тагдыр күтүп турат деген маңыздагы шыктандыруучу берүүлөрдү даярдап жүрөм.

–  Мурунку жана азыркы мигранттардын айырмачылыгы барбы?

Мындан 20 жыл мурунку барган мигранттар тил билбей, өз укуктарын билбей эле тобокелдик менен келишчү. Акыркы убактарда чет өлкөгө чыгууга даярданып, атайын кесипке ээ болуп, сертификат алышып, укуктук жана финансылык сабаттарын жоюп келип жатат. Бул өздөрү үчүн да, жумуш берүүчүлөр үчүн да абдан ыңгайлуу, ишенимдүү болорун тажрыйбалар көрсөтүп жатат.

Москвада жүргөн 1,5 млн кыргыз бар, баарыбыздын башыбызды бириктирип турган атайын чоң диаспора түзүлсө деген тилегим бар. Ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп турат, сыртта жүрсөк дагы патриоттуулук, ынтымак бар экенин сезем, ага албетте кубанам.

– Кыргызстанга кайра кайтып келем деген пландарыңыз барбы?     

Учурда Москванын четинде жер там алып ошол жакта жашайм. Жер там болгон үчүн ар жуманын аягында кой союп, мекендештер менен бапырап отуруп калабыз. Келген коноктор “Кыргызстанга баргандайбыз” деп калышат. Элиме аябай таянам, эл жок өзүмдү дайым жалгыз сезем, ошол үчүн ар дайым эл арасында жүргөндө өзүмдү ыңгайлуу сезем. Балдарым ошол жакта окушат, апам болсо бизге бат-баттан каттап турат. Балам кинематография тармагында окуйт, ага “келечектеги Кыргызстандагы эң мыкты тасманы тарткан режиссер сен болосуң” деп кулагына куя берем. Балдарымды дайыма мээнетке, эмгекчилдикке тарбиялаганга аракет кылам, анткени көрүп жатасыздар, бардык жерде артка кайтпаган кара жумуштарды аткарган кыргыздар көп. Ичиндеги кыргызмын деген оту өчпөсүн деп, дайыма кыргызга аралашкан кептерди көп айтам.  Акыры бир күнү мекенге келип жайгашабыз деп, азыртан  эле Кыргызстанга инвестиция кылып жатам. Үйүбүздүн жанындагы бош жер тилкесине аялдар эс алуучу спа-борбор куруп баштадык. Жолдошум бул иште аябай чоң көмөк көрсөтүп жатат. 5 жылдан бери Москвадагы 2 кыргыз футбол командаларын каржылап келем. Жакында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги аркылуу инвесторлордон стартап-бизнестер үчүн 1, 5 млн рубль грант алдым. Бул долбоор аркылуу миграцияда жүргөн мекендештерибиздин бизнес долбоорлорун каржылайбыз. Долбоорлор сентябрь айында башталат. Россияда ишкерлик кылам дегендер бизнес-пландарын даярдап катышса болот.

— Акчаны кантип тапса болот? 

Өзүм учурунда көп кыйналганым үчүн Москвадагы кыргыздардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча сабактарды өтүп турам. Андан сырткары трансформациялык оюндарды өткөрүп турам, бир гана Москвада эмес, Алмата шаарына дагы чакыруулар болуп турат, жакында Бишкек шаарына дагы өткөнү жатам. Жакында эле “Миллионго 7 кадам” деген автордук онлайн курс баштадым. Биринчи старттан эле 180 киши сатып алды, жыйынтыгы жакшы болду. Негизи бардыгыбыз ушул финансылык сабаттуулукту үйрөнүп алсак, 10 жылда тапкан акчаны 3 жылдын ичинде тапмакпыз. Менин сабактарымды көрүп, ал жактан толук маалымат алып, окусаңыз, кененирээк түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк болот.

Булак: Кадам-медиа.кж 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button