Коом
31-июлга карата аба ырайы
Бүгүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө + 32…+37, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +25…+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы борбор калаада +35…+37, Ош шаарында +37…+39, Чолпон-Атада +27…+29 градуска жетет.