Коом

Кырызстанда жумушсуздардын саны 5 пайызга азайды

Кырызстанда жумушсуздардын саны 5 пайызга азайды. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Бишкек, Ош, Каракол жана Нарын шаарларында ваканциялар жарманкеси уюштурулуп, 19 миңден ашык адам катышкан.

Анда миңден ашык иш берүүчү 25 миңге жакын бош орундар менен тааныштырган.

«Иш-чаранын жүрүшүндө ишке орноштуруу кызматтары тарабынан жумушка орноштуруу жана кесипке үйрөтүү боюнча консультациялар берилди. Бош орундар жарманкесинин ар бир алтынчы катышуучусу жумуш тапты же жолдомо алды. Жыл башынан бери жумушсуздардын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5 пайызга азайган», — деп айтылат маалыматта.

Иш менен камсыз болгон жумушсуздардын санынын эң көп өсүшү Баткен (28,7 пайыз), Чүй (25,3 пайыз), Талас жана Ош (21 пайыз) облустарында байкалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button